Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2020-жылдын 15-апрели № 18
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кенешмесинин 2020-жылдын
27-мартындагы №20-1182 протоколдук тапшырмасын (б пунктунун 2 бөлүмү) аткарууга алуу жөнүндө
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы И.Райимбердиевтин сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Жер айыл аймагынын
айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы курөшүү маселелерин аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кенешмесинин 2020-жылдын 27-мартындагы №20-1182 протоколдук тапшырмасын (б пунктунун 2 бөлүмү) негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык айыл чарба жерлери боюнча үлүш салыгын жана жер салыгын (тамарка) төлөөдөн 2020-жыл үчүн толук бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсун.
Төрага | К. Айбалаев |