Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 36
Баткен шаарынын калкынын 2020-2021-жылдарга күз –кыш мезгилдерине карата даярдыгы тууралуу
Баткен шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 228 токтомун аткаруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 23-июнундагы №01-03/186 токтому иштелип чыккан.
Ошондой эле 2020-жылдын 2-сентябрь күнү А.Кадырбаев жетектеген Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү Баткен шаарында болушуп, бир катар билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин текшерүү жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында Баткен шаары тарабыан аткарылуучу айрым кемчиликтер белгиленген. Бүгүнкү билим берүү мекемелериндеги оңдоп түзөө иштери, ички электр линиялары, от казандардын иштөөсүн камсыз кылуу жана өрт коопсуздугун сактоодогу жана башка маселелер аткарылып 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине толук даяр болгон.
Баткен шаарынын аймагындагы билим берүү жана мамлекеттик мекеме-ишканаларды көмүр менен камсыз кылуу үчүн
жергиликтүү бюджеттен-1047,2 миң сом;
республикалык бюджеттен-609,0 миң сом;
жалпы суммасы-1656,2 миң сом каралган. Анын ичинен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
№ | Мекеменин аталышы | Көмүр | Суммасы | |||||
Керектелет (тонна) | Ташылды (тонна) | % | Көмүр баасы (тоннасы сом менен) | Жерг. бюдж. | Респ. бюдж. | |||
1 | Билим берүү | 225,5 | 70 | 31,0 | 3590 | 809,7 | ||
2 | Саламаттык сактоо | 120 | 0 | 0,0 | 3700 |
| 444,0 | |
3 | Мамлекеттик ишканалар | 50 | 10 | 20,0 | 3950 | 197,5 |
| |
4 | Аскер комиссариаты | 7 | 0 | 0,0 | 5700 | 40 |
| |
5 | Лицей №57 | 37,5 | 25 | 66,7 | 4400 |
| 165,0 | |
|
| 440 | 105 | 23,9 |
| 1047,2 | 609,0 | |
Билим берүү мекемелерин 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүр отуну менен камсыз кылуу боюнча:
2020-жылдын 17-июль күнү тендер өткөрүлүп, тендердин жеңүүчүсү болуп ОсОО «Эркин Кен» (жетекчиси Рахманов Эркин) табылган. Жеңүүчү тарап менен 225,5 тонна БР маркасындагы Самаркандек көмүрүн алуу үчүн 2020-жылдын 21-июлунда №31 келишим түзүлдү. Көмүрдүн БР маркасы үчүн килограммы 3,59 сомдон. Көмүр жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Жалпы суммасы 809.7 миң сом. Бүгүнкү күнгө карата 80.0 тонна көмүр ташылып келген. Калган бөлүгү жоопкерчиликтүү сактоодо турат.
Мектептер;
1. В.И.Ленин орто мектеби - электр энергиясы менен,
2. Ж.Бөкөнбаев орто мектеби - электр энергиясы менен,
3. С.Огато орто мектеби - комур м-н(катель)
4. Кызыл Жол орто мектеби - электр энергиясы менен,
5. Кызыл Жол башт. мектеби - комур менен, (буржуйка)
6. С.Айтматов орто мектеби - электр энергиясы менен,
7. Булак Башы башт. мектеби - электр энергиясы менен,
8. Келечек кв. №3 орто мектеби - көмүр м-н (кател)
9. Гимназия жатак мектеби - электр энергиясы менен,
Бала бакчалар;
1. Өрүкзар балдар бакчасы - электр энергиясы менен,
2. Алтын-Бешик балдар бакчасы - электр энергиясы менен,
3. Булак-Башы балдар бакчасы - электр энергиясы менен,
4 . Кызыл-Жол “Данектай” балдар бакчасы- электр энергиясы менен,
Саламаттык сактоо тармагын 2020/2021-жыдын күз-кыш мезгилине карата көмүр менен камсыз кылуу боюнча тендер 2020-жылдын 1-июль күнү өткөрүлгөн. Тендердин жыйынтыгы боюнча жеке ишкер Р.Тажибаев жеңүүчү деп табылып, 2020-жылдын 3-августундагы №37/20 келишим түзүлгөн. Жеңүүчү тарап 120 тонна БР маркасындагы Сүлүктү көмүрү менен камсыздайт. Көмүрдүн баасы килограммы 3,7 сомдон. Көмүр республикалык бюджеттен каржыланат. Жалпы суммасы 444,0 миң сом каралган.
Баткен шаарынын аймагындагы ФАП тар:
1. Баткен шаардык ҮДТ №1-№2 – 5 тонна
2. Кызыл-Жол ҮДТ №3 – 2 тонна
3. Базар-Башы ҮДТ №4 – 1.5 тонна
4. Булак-Башы ҮДТ №5 – 1.5 тонна
5. Чет-Булак ҮДТ №6 – 1 тонна
6.Поликлиника (жаңы) –109 тонна
Бардыгы – 100 тонна
№57 Кесипчилик Лицейине көмүр менен камсыз кылуу боюнча тендер 2020-жылдын 5-август күнү ачылган. Жеңүүчү болуп “Азамат-Кен” ЖЧКсы табылган. Жеңүүчү тарап 37,5 тонна Самаркандек көмүрү менен камсыздайт. Килограм баасы 4,4 сомдон. Акча каражаты республикалык бюджеттен каржыланат. Жалпы суммасы 165.0 миң сом. Бүгүнкү күндө 37,5 тонна ташылган.
Баткен шаарынын мамлекеттик мекеме-ишканаларга тендер жарыяланып, 2020-жылдын 29-июлунда ачылды. Тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчүсү болуп ОсОО «Эркин Кен» (жетекчиси Рахманов Эркин) табылган. Жеңүүчү тарап менен 50,0 тонна БР маркасындагы Самаркандек көмүрү менен камсыз кылат. Көмүрдүн БР маркасы үчүн килограммы 3,95 сомдон. Көмүр жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Жалпы суммасы 195,5 миң сом. Бүгүнкү күндө 20,0 тонна ташылган.
Баткен шаарынын калкына 3420 тонна көмүр керектелет. Азыркы учурда биз кылган мониторинг боюнча 1890 тонна ташылып келинген, же болбосо 55,3% ды түзөт. Шаарыбыздагы көмүр сатуучу жайларда Сүлүктү көмүрүнүн баасы 6,5 - 7 сомдон сатылууда. Көмүр ташуучу жеке ишкерлерге бааны туруктуу сактоо боюнча Баткен шаарынын мэриясынын адистери жана Баткен областтык антимонополия бөлүмү менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүү уюштурулуп жатат.Ошондой эле жылдагыдай Сүлүктү шаарынан арзан көмүр ташып сатуу иштери башталган. Учурда мэриянын жанында Сүлүктү шаарынын “Нур” ЖЧК сынын көмүрү 6,5 сомдон сатылып жатат. Азыркы учурда 55,0 тонна сатылды.
Баткен шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча алсак, бюджеттик ишканалардын электр лимити 2333,3 миң кВт саатты түзөт. Анын ичинен:
-шаардык мекеме ишканаларга -434,3 миң кВт/саат;
-билим берүү мекемелерине -1899,0 миң кВт/саат;
Мэрия | 80,0 |
Аскер комиссарияты | 29,3 |
ММД | 259,5 |
Таза Суу ишканасы | 26,7 |
ФК жана Спорт | 6,5 |
Билим берүү бөлүмү | 1899,3 |
Социалдык коргоого | 26,7 |
"Нур" калыптандыруу борбору | 5,3 |
Бардыгы | 2333,3 |
Шаардын калкынын электр лимити 38844,3 миң кВт/саатты түзөт.
Электр пайдалануучулардын саны – жалпы 5813 абонент; Анын ичинен: -юридикалык тарап-126, -физикалык тарап-5098, -коммерциялык тарап -589.
Мамлекеттик эсептен элертр эсептегичтердин алмаштырылышы боюнча элге коюлгандын саны -4226. Үч фазалуу электр эсептегич пайдалануучулардын саны -506.
Анын ичинен: -Элге коюлганы -75, юридикалык тарап -149, коммерциялык тарап-282.
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат
1.Баткен шаарынын калкынын 2020-2021-жылдарга күз –кыш мезгилдерине карата даяр экендиги, шаардын аймагындагы социалдык мекемелердин ичинен Булак-Башы балдар бакчасынын электр энергиясы кышкы мезгилге даяр эмес экендиги белгиленсин.
2.Булак –Башы балдар бакчасынын электр энергиясы, Алтын-Бешик жана Өрүкзар балдар бакчасынын суу кампасын талапка ылайык жасоо жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө /А.Акматов/ эскертилсин.
3.Күз-кыш мезгилдеринде Баткен шаарынын калкын жана менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме ишканалардын коопсуздугун сактоо, кокустуктардын алдын алуу жана болтурбоонун эрежелерин сактоо,керектелген учурда кошумча отун көмүрлөр менен камсыздоо жагы эскертилсин.
4.Шаай аймагында жеке менчик турак үйлөрдү, муницпалдык, мамлекеттик, социалдык жана чарбалык мекеме ишканаларды, үзгүлтүксүз электр энегиясы менен тийиштүү деңгеелде камсыз кылуу жагы Баткен райондор аралык электр тармактар ишканасына эскертилсин.
5.Токтомду мамлекеттик реестирге каттоо үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жаштар, спорт, туризм, медицина, маданият жана социалдык жактан өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | М.Султанов
|