Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 38
Баткен шаарынын 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна, Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы отурумунун № 23 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджет 69704,5 миң сомго бекитилип, 61334,3 миң сомго, 88,0% аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Шаардын 2020-жылга пландалган жергиликтүү бюджетин жыл аягына чейин кошумча булактар аркылуу бюджетти толтуруу жагы шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын.
3.Мамлекеттик реестирге катталуу үчүн токтом Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шарады Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |