Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 37
Баткен шаар калкын ГААКтын (ЗАГСтын) тейлөөсүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Баткен райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү Баткен шаар жана район аймагында калкты ЖААК бөлүмү тейлейт, Баткен шаар жана район калкына мамлекеттик юридикалык кызмат көрсөтөт.
Андан тышкары жарандык абалдын актыларын коттоо боюнча 10 ай ичинде төмөндөгүдөй иштерди жүргүзүшкөн:
№ | ЖААК бөлүмүндө жүргүзүлгөн актылык жазуулар | 2019 жыл ичинде | 2020 жыл 10 ай ичинде | Айырмасы +;- |
1 | Туулгандыгы жөнүндө | 3169 | 2863 | -306 |
| Анын ичинен өлүү төрөлгөндөр | 27 | 21 | -6 |
| Анын ичинен мөөнөтү кечиктирилип катталгандар | 94 | 49 | -45 |
2 | Никеге туруу | 845 | 637 | -208 |
| Анын ичинен салтанатуу түрдө никени тапшыруу | 26 | 28 | +2 |
3 | Өлгөндүүгү жөнүндө | 453 | 496 | +43 |
| Анан ичинен 1- жашка чейинки өлгөндөр | 70 | 57 | -13 |
4 | Никеден ажыратуу | 160 | 104 | -56 |
| Аныны ичинен сот аркулуу | 138 | 92 | -46 |
5 | Аталыкты аныктоо | 384 | 285 | -99 |
| Анын ичинен сот аркылуу | 7 | 3 | -4 |
6 | Баланы асырап алуу | 11 | 5 | -6 |
7 | Фамилия атын атасынын атын алмаштыруу | 445 | 361 | -84 |
8 | Актылык жазууларды калыбына келтирүү | 1 | 5 | +4 |
9 | “Балага сүйүнчү” | 3131 | 2701 | -430 |
10 | Жеке персоналдык номер ыйгаруу | 5578 | 3903 | -1675 |
Баткен райондук ЖААК бөлүмүнүн ай сайын “Коррупцияны биргеликте токтотобуз” аттуу тушундурүү иштерин жүргүзуп келет. Калкты Тейлөө Борборунда коррупция менен күрөшү боюнча стендтер илинген жана Мыйзамдар тууралуу маалыматтар көрсөткүчтөрү көрсөтүлгөн.
Шаардын денгеелинде өткөрүлгөн баардык иш-чараларга Баткен ЖААК,КП жана К бөлүмүнун кызматкерлери активдүү катышып келинет.
Баткен ЖААК,КП жана К бөлүмү шаардын аймагында “Балага суйунчу” мамлекет тарабынан берилген акча шаардын аймагындагы “Айыл Банк” жана “РСК Банк” менен кызматташат.
Пандемия учурунда кезеке тууру ыкмасы менен иштеп, калкты тейлеп, 21 май 2020 жылдан баштап Калкты тейлөө борбору тоолугу менен иштеп баштаган . Калкты тейлөө үчүн тоолук шарттар каралган. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кызматкерлерге маскалар жана перчаткалар берилген, Инфаком ишканасынан тепловайзер, антисептиктер жана бөлмөлөрдү дизинфексия кылуучу заттар менен камсыздалган. Санитардык нормалар тоолук сакталган. Жарандарды,, кызматкерлерди маска менен киргизип жана дене табын тепловайзерден текшерүүдөн өтүүдө.
Белгилеп кетсе актылык жазуулар кескин азайганынын себеби Республикада пандемия учуру болуп никеге катталуу учурлар да убактылуу азайган. Баткен райондук ЖААК, КП жана Каттоо бөлүмүно жалпы област боюнча жарандар кайрылышат, анткени биргелешкен облустук оорукана Баткен шаарында жайгашкан. Төрөлгөн жана өлгөн жарандарды туулган жана өлгон жеринен каттоого алынуу мыйзамда көрсөтүлгөн, ошондуктан келген арыздын негизинде баарын аткарууга милдеттүү.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын калкын ГААКтын (ЗАГСтын) тейлөөсү талапка ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2.ГААК тарабынан атуулдарга нике күбөлүгүн, наристелерге туулгандыгы туурлуу күбөлүктү жазууда кетирилген катачылыктар пайда болгон учурда адистер тарабынан тез аранын ичинде оңдолунуп берүү жагы эскертилсин.
3.Баткен райондор аралык ГААКтын (ЗАГСтын) шаар калкын тейлөөсүндө, калкты кабыл алууну 2020-жылдагы пандемияга байланыштуу санитардык абалды эске алуу менен кышкы камылга менен кабыл алуу жагы тапшырылсын.
4.Баткен шаарынын никеге турууга катталган жаштарынын неке күбөлүктөрү салтанаттуу түрдө берүүнү үзгөлтүксүз уюштуруу жагы эскертилсин./ГБакиева/
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылмыштуулк, депутаттык мандат, этика, Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А. Ташбеков
|