Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 40
Баткен шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна, Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы отурумунун № 23 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2020-жылга каралган атайын каражаттар эсебинин киреше бөлүгү 7000,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 7000,0 миң сомго, шаардык балдар бакчаларынын пандемияга байланыштуу иштиктүүлүгү токтогондугуна байланыштуу кыскартылсын.
2.Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2215-статьясынан «Акы алып кызмат көрсөтүү» беренесинен 5000 сом архив кызматына, 2111 –статьясынан «эмгек акы беренесине» 26850 сом, 2121-статьясына «Социалдык фондко» чегерүүгө макулдук берилсин.
3.Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2020-жылга бекитилген 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 12000 сом кыскартылып,2111 “Эмгек акы” статьясына 12000 сом кошулуп берилсин жана 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 40000 сом кыскартылып, 3112 “Орх техника жабдууларын сатып алуу” статьясына 40000 сом кошулуп берилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |