Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 41
Баткен шаарынын тургуну, Баткен шаардык Кеңешинин депутаты М.А.Буркановго, Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2009-жылдын 10-июндагы «Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө «Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндөгү № 6-5 токтомунун 2.3; 3.1, 2-2; пункуттарына ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин депутаты Бурканов Маманазар Апызовичке, Баткен шаарынын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүндө демилгелүүлүгү, депутаттык кызматындагы бюджеттин туура жана максаттуу пайдалануусуна, шаардын инфраструктурасын жакшырышына, шаар калкын турмуш шартын жакшырышына жеке атуулдук жана депутаттык кол кабыш кылгандыгы, шаардык Кеңештин үзгүлтүксүз үч чакырылшта депутат катары активдүү атуулдук парзы үчүн Баткен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Баткен шаарынын калкына шаардык расимий сайт аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомду мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облусутк юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |