Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 27-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 2- ОТУРУМУ
2019-жылдын 17-апрелиндеги № 91
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгынын жана “Нур Телеком” ЖЧК кайрылуусунун негизинде калкты сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыздоо максатында, 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин” беренелерин колдонуп, Ала-Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл өкмөтүнүн Мрамор айылынын Молодежная көчөсүнөн (балдар аянтчасынын жанынан) 100кв.м жана Рассвет айылынын Парковая көчөсүнөн (мечиттин жанынан) 25кв.м жер тилкеси бөлүнүп, 2 жыл 11айга ижарага берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл Ала – Арча айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Дж. Узенов |