Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 27 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 20 ОТУРУМУ
2019-жылдын 23-декабры № 115
Ала – Арча айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым кошуу боюнча
Ала – Арча айыл ѳкмѳтүнүн 2019– жылы Чүй облустук өнүктүрүү фондуна тапшырылып, утуп чыккан проектилер (Рассвет айылынын окуучуларын ташуу үчүн микроавтобус алуу жана Мрамор айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу) боюнча айыл аймактын башчысы Э. Бакасовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ала – Арча айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облустук өнүктүрүү фондуна тапшырылып, утуп чыккан проектилердин жалпы суммасынын 15% өздүк салымдан каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл Ала – Арча айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Дж. Узенов |