Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 12-январы ПЖ № 25
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо
жана куруу ишчаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Премьер-министринин жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, алардын ишин камсыз кылу-
учу органдардын ишин социалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу боюнча ма-
териалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 32- жана 34-статьяларына ылайык токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу үчүн Ысыккөл об-
лусунун Ысыккөл районунун Ысыккөл токой фондунун жеринен аянты 30 гек-
тар жер участогун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын
№ 2 Мамлекеттик резиденциясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү маселесин
белгиленген тартипте карап чыксын жана чечсин, мында төмөнкүлөрдү кара-
сын:
- экологиялык экспертизанын тийиштүү түрлөрүн өткөрүү;
- зарыл болгон учурда жерди бир категориядан башка категорияга ко-
торуу;
- долбоорлук-сметалык документтерди иштеп чыгууга зарыл болгон фи-
нансы каражаттарын бөлүп берүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жањы резиденциясын этап-этабы менен куруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына төмөнкү
учурларда жардам берүү:
бөлүнүп берилген жер участогуна, Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин резиденциясынын обьекттерин долбоорлоого жана курууга тийиштүү
уруксаттарды жана укук белгилөөчү документтерди алууда;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жањы резиденциясынын обьект-
терин долбоорлоого жана курууга бир булактан сатып алуулар ыкмасын. ку-
рулуш иштерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошкондо, түрдү-ү
ыкмалар менен тендерлерди өткөрүүдө;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жањы резиденциясынын обьект-
терин, ушул обьекттер үчүн тышкы энергетикалык тармактарды кошкондо,
даярдоону, долбоорлоону жана курууну камсыз кылууда;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына аткаруу
бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тараптан
Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын обьекттерин даяр-
доодо, долбоорлоодо жана курууда ар түрдүү көмөк көрсөтүү.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын
Президентинин резиденциясын куруу үчүн гранттык каражаттарды, инвести-
цияларды жана жарымжартылай бюджеттик каражаттарды тартуу жана пайдала-
нуу боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев