Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар Кеңешинин IX чакырылышынын ХХII сессиясы
2020-жылдын 11-февралы № 135
« 2020ж шаар мэриясынын бюджетин бекитүү жөнүңдө, 2021 -2022ж кирешелерди болжолдуу түзүү долбоору боюнча, 01.01.2020ж чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча бекитүү” (эркин калган)
Шопоков шаардык мэриясынын 2020 –жылга киреше жана чыгаша бюджетинин бир бөлүгү туурасында Шопоков шаардык мэриясынын финансы –экономикалык бөлүмүнүн башчысы Сергеева С.В. финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жамбоев С.К. маалыматын угуп талкулоо менен Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пландоо –бюджет комиссиясы берген төмөнкү каржылык көрсөткүчкө ылайык Шопоков шаардык мэриясынын 2020 –ж бюджетин бекитүү:
- салыктык жана салыктык эмес өлчөмүндөгү төлөмдөр боюнча - 30282, 9миң.сом.
Атайын эсеп боюнча - 1615, 0 миң.сом. өлчөмүндө
Жалпы кирешелер – 31 897, 9миң.сом. №1 Тиркемеге ылайык.
негизги бюджеттин эсебинен чыгаша - 30282, 9миң.сом. өлчөмүндө
- атайын эсеп боюнча чыгымдар - 1615, 0миң.сом. өлчөмүндө
Бардык чыгымдар - 31897, 9миң.сом, №2 Тиркемеге ылайык.
2. Салыктык жана салыктык эмес кирешелердин жана атайын эсебине №3 тиркемеге ылайык 2021-2022ж бюджетин болжолдуу долбоорун бекитүү:
-2021жыл – 36337, 9миң.сом. суммада
-2022жыл – 37863, 9миң.сом. суммада
3. 2020 –жылга чыгымдарды каржылоо корголгон беренелердин негизинде(эмгек акы, коомдук корунун салымдары, коммуналдык кызмат үчүн төлөм) тартип боюнча белгиленсин.
4. 2019 –жылдагы чыгашанын өзүнчө топтору боюнча каржыланбай калгандыгын жергиликтүү бюджеттин жана негизсиз чыгымдардын ичинен , 2020 –жылга алдын ала каралган бюджеттен компенсация кылуу. Бул учурда, зыяндын ордун толтуруу артыкчылыгы пенсия менен эмгек акынын жана чегерүүлөр боюнча ордун толтуруу
5. 01.01. 2020 –жылга 47, 5миң сом өлчөмүндө кассада накталай акча каражаттарынын турушун бекитүү.
6. Шопоков шаар мэриясынын укугун камсыз кылуу:
– бөлүмдөр жана беренелер боюнча мүмкүнчүлүккө карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышын зарыл болгон учурда, туруксуз жана жөнгө салуунучу каражаттарды жүзөгө ашырууну шаардык кенешинин сессиясында бекитүү.
7. Бюджеттин киреше бөлүмүндө ашыкча аткарылган каражат Шопоков шаарынын аймагында өткөрүлгөн социалдык –экономикалык жана шаарды жакшыртуу , турак жай-коммуналдык муктаждыктарды, маданий иш –чараларды каржылоого багытталат.
8. Республикалык бюджеттен 2020 –ж алынган каржыны так жана туура пайдалануу
9. 01.01.2020ж жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан ашкан 3593, 5миң.сом. өлчөмүндөгү кирешени бөлүштүрүү:
- негизги бюджет эсеби боюнча - 2346, 8миң.сом. өлчөмүндө
- атайын эсепке - 1246 7миң.сом. өлчөмүндө
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жамбоев С.К жүктөлсүн
Төрага | Тилебек уулу.Эмилбек |
|