Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар Кеңешинин IX чакырылышынын ХХII сессиясы
2020-жылдын 11-февралы № 136
«Шопоков шаардык Кеңешинин 27 декабрь 2018ж №87 “Тартип бузуу иштерин кароо жана комиссиянын сандык жана жеке курамы жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 14 апрель 2017ж №120 –б 313 беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин 17.10.2018ж буйругуна ылайык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароодо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү Жобосун бекитүү тууралуу Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шопоков шаардык мэриясынын тартип бузуулардын иштерин кароо боюнча комиссиянын өлчөмдөрүн жана курамын өзгөртүү
2. Комиссиянын тизмесинен чыгаруу - Шералиева А.Т, Дорбонов Ш.Д,
Комиссиянын тизмесине киргизүү – Токорова Т.К., Алмасбек кызы Асель.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шопоков шаарынын мэри Умаралиев С.К жүктөлсүн.
Төрага | Тилебек уулу.Эмилбек |
|