Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 147/28/27
«Люксембург айылынын ҮДТ имаратын оңдоо иштерине акча каражат бөлүп берүү зарылчылыгы жөнүндө»
Люксембург айылынын ҮДТ имаратын оңдоо иштерине акча каражат бөлүп берүү зарылчылыгы жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылынын ҮДТ убактылуу имаратын оңдоо иштерине 850000 (сегиз жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Кожонов |