Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 148/29/27
«Айыл чарба багыттын жерлеринин, айыл чарба эмес багыттын жерлеринин, короо жанындагы участоктордун 01.04.2020-жылдан тартып зоналдык коефицентин бекитүү жөнүндө»
Айыл чарба багыттын жерлеринин, айыл чарба эмес багыттын жерлеринин, короо жанындагы участоктордун 01.04.2020-жылдан тартып зоналдык коефицентин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339-беренелерине ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагы боюнча, короо жанындагы участоктордун 01.04.2020-жылдан тартып зоналдык коефиценти К 1=1 айыл чарба багыттын жерлеринин, айыл чарба эмес багыттын жерлеринин жана К 1=1 короо жанындагы участоктордун салыгын эсептөө үчүн бекитилсин.
2. Люксембург айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адистери айыл чарба багыттын жерлеринин, айыл чарба эмес багыттын жерлеринин, короо жанындагы участоктордун салыгын ушул токтомго ылайык эсептесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Кожонов |