Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 150/29/27
«Майыптардын эл аралык күнүнө карата бир жолку материалдык жардамдын суммасын белгилөө жөнүндө»
Люксембург айылдык кеңешинин депутаттарынын Майыптардын эл аралык күнүнө карата бир жолку материалдык жардамдын суммасын белгилөө жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майыптардын эл аралык күнүнө карата бир жолку материалдык жардамдын суммасы I-группадагы майптарга 1000 (миң) сомдон, II, III-группалардагы майыптарга 500 (беш жүз) сомдон берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Кожонов |