Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-марты № 156/30/27
“Люксембург айыл аймагында карантин киргизүү жөнүндө
Ысык-Ата райондук жарандык коргоонунун башчысынын “Ысык-Ата районунда карантин киргизүү жөнүндө” 30.03.2020-жылдагы №4-П буйругун, ошондой эле аймакта коронавирус илдетин пайда болушуна жана таралышына жол бербөө максатында, Чүй облусунун жарандардын бир орундан экинчи орунга жүрүү көбөйүү жана Москва райнунда, Аламүдүн районунда коронавирус илдетинин оорусу пайда болгон фактыларынын негизинде, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге:
- Люксембург айыл аймагында жарандардын бир орундан экинчи орунга жана транспорттордун жүрүүсүн токтотуу максатында Киршелк айылында фильтрациялык-карантиндик посту коюлсун;
- Киршелк айылында фильтрациялык-карантиндик посттун иштөө графиги бекитилсин;
- Киршелк айылында фильтрациялык-карантиндик посттун ишин жүргүзүүдө Киршелк айылынын айыл башчысы А.Өскүлөңовго жеке жоопкерчилиги жүктөлсүн;
- фильтрациялык-карантиндик постту орнотууда Жарандык коргоонунун башчысы менен бекитилген нускамасы так сактоого менен жүргүзүлсүн;
- Люксембург айылында коронавис инфекциясынын пайда болушунун жана таралышынын жол бербөө максатында кирүүгө чектөөгө чектөө коюлсун;
- калктын арасында маалыматтык-түшүндүрүү кеңири масштабдуу иштерин жүргүзүү күчөтүүлсүн;
- фильтрациялык-карантиндик посттогу кызматкерлерди жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу максатында (маскалар, колгаптар,
антисептиктер, коргоочу кийимдер, дезинфекциялык каражаттар ж. б.) акча каражаты бөлүнсүн;
- жүргүзүү күчөтүүлсүн;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин, издөө тобун, элдик ыктыяр тобун (ДНД), оперативдик штабынын кезекчи мүчөлөрүн жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу максатында (маскалар, колгаптар, антисептиктер, коргоочу кийимдер, дезинфекциялык каражаттар ж. б.) акча каражаты бөлүнсүн;
- туруктуу негизде райондо жана айыл аймакта паспорттук режимди жарыялоо жөнүндө маалыматтык иштери жүргүзүлсүн;
- айыл чарба продукциясын, тамак-аш азыктарын, суусундуктарды, накталай, чийки жана кайра иштетилген азык-түлүктүн түрлөрүн анын ичинде кошумча өндүрүштү (тоют, таңгактоо ж. б.) сатуу менен алектенген ишкерлердин ишине тоскоолдук кылууга жол берилбесин;
- күчтөр жана каражаттар даярдыкта болсун;
- имараттарды жана аймактарды дезинфекция боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн бөлүмдөрүнүн кызматкерлери санитардык-гигиеналык ченемдерди сактасын;
- жашаган жеринен маалымкаттардын дана маршруттук барактардын берүүсүнө чектөө коюлсун, жогоруда көрсөтүлгөн маалымкаттарды курч зарылдыгы боюнча гана берилсин (ооруканага шашылыш медициналык жардам, биринчи керектелүүчү тамак-аш азыктарын жетишсиздиги, айыл чарба иштери);
- медициналык кызматкерлерди иштеген жерине жана кайра келүүгө, аларды медициналык мекемелерге ташуу үчүн автотранспорту жардам катары камсыздалынсын.
2. КРда ӨК режими аяктаганга чейин Люксембург айылдык кеңешинин 18.08.2018-жылдагы №66/15/27 жана 25.05.2019-жылдагы №103/23/27 токтомдору убактылуу күчүн жоготту деп эсептелсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Кожонов |