Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-май № 158/31/27
“Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбекованын азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылышынын себебинен сметага өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн сметасына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Кожонов |