Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-май № 161/31/27
«Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоору боюнча таштандыларды жыйноочу унаасын сатып алууга
акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоору боюнча Люксембург айыл аймагына таштандыларды жыйноочу унаасын сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылда “Таштандыларды жыйноочу унаасын сатып алуу” долбооруна макулдук берилсин.
2. Чүй облусунун өнүктүрүү фондунуна өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле сметалык документтерге ылайык Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сомду кошооруна кепилдик берет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Кожонов |