Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 66
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетин карап чыгып жана талкуулап айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын 2020-жылга карата түзгөн бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башысына жүктөлсүн.
Төрага |
Ибраим уулу Т. |