Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
2020-жылдын 20-апрели № 144
Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Жазгы талаачылык жумуштары, малды жайлоолорго көчүрүү жана бада акысын бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
Токтом кылат:
1. 1Айыл аймагында малды жайлоолорго айдап кетүү убактысы 2020-жылдын 01-майынан кечиктирилбесин.
2. 2020-жылдын 01-майынан кийин эгинге түшкөн малдардын ээлери:
- 1 баш кой үчүн – 50 сом
- 1 баш уй, жылкы мал үчүн – 250 сом айып пул төлөнсүн, ушул эле мал кайрадан экинчи жолу дагы эгинге түшсө ар бир баш үчүн 1000 сомдон айып пул өндүрүлүп алынсын;
- 2020-жылга малдын бада акысы:
- 1 баш кой үчүн 1 айга – 50 сом
- 1 баш уй, жылкы мал үчүн 1 айга – 250 сом болуп бекитилсин
- үлүш жерлерди айдоо акысы 1 га жер үчүн 1000 сом жана 30 литр күйүчүү май болуп бекитилсин
- тосмолордун ичиндеги жерди айдоо акысы 1 сотыхы – 15 сомдон болуп бекитилсин
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө еирет.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|