Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
2020-жылдын 20-апрели № 145
Долбоордун жалпы суммасынан учурдагы COVID-19 пандемиясына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) доллар өлчөмүндө кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 249-б сандуу катын Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы күн тартибиндегини угуп жана талкуулап
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу долбоорунун алкагында, Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн Чоргочу айылынын Чылпакай жана Григорий участогуна түшүмдүүлүгү аз болгон жайыт жерлерине интенсивдүү черешня жана башка көчөттөрдү плантацияларды түзүү проектиге бөлүнгөн жалпы суммадан, учурдагы COVID-19 пандемиясына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) доллар өлчөмүндө кыскартылсын.
2. Токтомду аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|