Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII Сессиясы
2020-жылдын 8-июлу № 149
Исаев Абдисатар жана Жаркулов Бактыбекке «Айылдын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын тургундары Афган согушунун ардагерлери, Афган согушунда кызмат өтөгөнүн эске алып, бир канча медал ордендерлердин ээлери Исаев Абдисатар жана Жаркулов Бактыбекке «Айылдын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
Кырыгыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын тургундары Афган согушунун ардагерлери, Афган согушунда кызмат өтөгөнүн эске алып, бир канча медал ордендерлердин ээлери Исаев Абдисатар жана Жаркулов Бактыбекке «Айылдын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
3.Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|