Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV Сессиясы
2020-жылдын 02-ноябры № 151
Ничке-Сай айыл аймагынын Молой айыл участкасына ичүүчү таза суу чыгаруу долбооруна 50,0 (элүү миң)сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын Молой айыл участкасынын жашоочуларынын айыл эли үчүр ичүүчү таза суу чыгаруу долбоорун турмушка ашыруу үчүн жалпы Ничке-Сай айыл аймагынын элинин таза сууу чыгаруу үчүн чогултулган акча каражатынан 50,0 (элүү миң) сом акча каражатын бөлөп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Молой айыл участкасына ичүүчү таза суу чыгаруу долбоорунун каржылоосуна Жумаев Шаршенбек Кыштообековичтин башкаруусунда турган Ничке-Сай айыл аймагынын таза суу чыгаруу үчүн чогултулган акча каражатынана 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Жумаев Шаршенбек Кыштообековичке милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
4.Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|