Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 02-ноябры № 153
Сарбалаев Кылычбек Сейитбековичке «Айылдын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын атуулу Сарбалаев Кылычбек Сейитбекович айылдын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, чакан жана орто ишкерлер кыймылынын калыптанышына кошкон салымы, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып «Айылдын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Ничке-Сай айыл аймагынын тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын атуулу Сарбалаев Кылычбек Сейитбековичке «Айылдын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
3.Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|