Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV Сессиясы
2020-жылдын 02-ноябры № 156
Айыл өкмөтүндө төлөм каражаттарынын өндүрүлүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн салык кызматкеринин убыктылуу милдетин аткаруучу И.Бекташовдун салыктын жыйналышынын 2020-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча маалыматтын угуп жана талкуулап
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин убыктылуу милдетин аткаруучу И.Бекташовдун 2020-жылдын алты айлык жыйынтыгында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймакта салык төлөөчүлөр менен мындан ары да мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жана пландалган салыктарды өз убагында төктүрүү жана бюджетке өз маалында түшүүүсүн камсыз кылуу иштерин жүргүзүү жагы салык кызматкери И.Бекташовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3.Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|