1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы
2019-жылдын 9-апрели № 5
1-Май айыл аймагынын жайыт
комитетинин 2019-жылга чыгаша жана киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн сметасын бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгү 535720 (беш жүз отуз беш миң жети жүз жыйырма) сом деп бекитилсин.
- 2019-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
- 2019-жылга планга киргизилген жайыттарды эс алдыруу жагы каралсын.
- Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын.
- Жалпы жайыттардын аянтын тактап, айылдык Кенешке билдирүү жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго тапшырылсын.
- Ак-Башат айылында үлүш жерлер жайытка жакын болгондуктан, айылга жайыт күзөтчүлөрдү уюштуруу жагы айыл башчы Г.Юсупалиевге дайындалсын.
- ПРЖР-2 долбоорунун алкагында алынып келинген атайын техникалардын кызмат акысы төмөнкүдөй ченемде каралсын:
А) Фронталдык погрузчиктин кызмат акысы 1 мотосаатка 2700 (эки миң жети жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
Б) Дан орум жыйноочу СК-5 Нива комбайнынын кызмат кърсөтүүакысы 1 га жерге 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
В) МТЗ-82, 1 Белорус тракторунун элге кызмат көрсөтүүсү, прессподборщикти чиркеп чөп жыйноо 1 (бир) пресске 16 (он алты) сомдон деп белгиленсиин.
Фронталдык погрузчиктин кооптуу өзгөчө кырдаалдар болгон мезгилде жана айыл Өкмөтүнүн аймагында зарыл болгон жумуштарга погрузчикке мотосаат эсептелбестен, күйүүчү май куюп иштетүү жагы каралсын (себеби аталган техникалар жергиликтүү бюджеттен өнүктүрүү фонду тарабынан 40% айыл өкмөт тарабынан каржыланган).
- Кайсы айылда техника кызмат көрсөтсө акт түзүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
- Атайын техникалар боюнча жалпы сумманын чыгаша жана киреше бөлүгү 624500 (алты жүзжыйырма төрт миң беш жүз) сом деп белгиленсин.
- Техникалардан түшкөнакча каражатын көзөмөлдөө жайыт комитетинин бухгалтери Таалайбек уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
- Кичи долбоорлорду колдоо боюнча акча каражаты жайыт комитетинин бюджетинен бөлүнүп берилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |