Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясы
2019-жылдын 16-сентябры № 2
1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылындагы маданият үйүнөШарипов Курманбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылындагы маданият үйүнө айыл аймагынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Шарипов Курманбек Шариповичтин ысымын түбөлүкөкалтыруу максатында 1-Май айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын жана Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылдык Кеңешине 1-Май айыл аймагынын тургундарынын сунуштарын колдоого алуу менен Айры-Там айылындагы маданият үйүнө Шарипов Курманбек Шариповичтин ысымы ыйгарылып, этно-маданий борбор болуп өзгөртүлсүн
2. 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылындагы маданият үйү Шарипов Курманбек атындагы этно-маданий борбор болуп бекитилгендигин 1-Май айыл аймагынын тургундарына жеткирүүайыл башчыларга жана Айылдык Кеңештин депутаттары А.Кожонов жана А.Шайназаровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төраймы А.Кожоновага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |