1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясы
2019-жылдын 16-сентябры № 3
Көк-Серек айыл аймагына караштуу “Кызыл-Таш” участкасына 1-Май айыл аймагынын Чал-Кыйды-Сай жайлоосунун жайыт жери аркылуу өтүүчү жолду калыбына келтирүү жөнүндө
ЖЧК “Азиялык-Тоо компаниясына” Кызыл-Таш кен чыккан участкасына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 14-декабрында берилген 5739 АР лицензиясына ылайык 1-Май айыл өкмөтүнө тиешелүүболгон Чалкойдо жайлоосундагы жайыт жери аркылуу өтүүчү жолду калыбына келтирүүгө уруксат берүү максатында 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- ЖЧК “Азиялык-Тоо компаниясына” кайрылуу катынын негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин айыл чарба жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Мараимбековдун билдирүүсү кабыл алынсын.
- Көк-Серекайыл аймагына караштуу “Кызыл-Таш” участкасына 1-Май айыл аймагынын Чалкойдо жайлоосунун жайыты аркылууөтүүчүузундугу-10050 м, туурасы-4,5 м болгон жер аянты, жалпы 4,52 га жолду калыбына келтирүүгөуруксат берилсин.
- ЖЧК “Азиялык-Тоо компаниясы” жол салууда, кен ташууда жайытка тийгизген зыянын, жайыт жеринин топурагынын кыртышынын эррозиясын эске алып, мыйзам чегинде чыгымдар жайыт комитетине тълъп берилсин.
- Жолду калыбына келтирүүгөтиешелүүболгон документтерин Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз м\лккъ укуктарды каттоо башкармалыгынан тактоо жана даярдоо ЖЧК “Азиялык-Тоо компаниясына” милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Мараимбековго тапшырылсын.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |