Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясы
2019-жылдын 16-сентябры № 5
“Водохранилище-Шекафтар-Пап” автоунаа жолун Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен асфальттоо маселесин кароо жөнүндө
“Водохранилище-Шекафтар-Пап” автоунаа жолун өнүктүрүүфондунун каржылоосу менен асфальттоо боюнча 1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Абдырайымовдун билдирүүсүнугуп, айылдык Кеңештин депутаттары А.Шайназаров жана А.Балтабаевдин сунуштарын эске алып, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы №05-04/1459 сандуу протоколунун негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Водохранилище-Шекафтар” (Ала-Бука-Шекафтар) автоунаа жолунун 3,5 чакырымдан 12,5 чакырымга чейинки 9 (тогуз) км аралыгы 1-Май айыл Өкмөтүнүнбалансына кабыл алынып, 1-Май айыл Өкмөтүнүнэсебинен Өнүктүрүүфондунун каржылоосу аркылуу асфальттоо маселеси жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл Өкмөтүнүнжооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага 1-Май айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жана 1-Май айыл Өкмөтүнүнбашчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |