Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
2019-жылдын 7-октябры № 1
“Хайленд Эксплорейшн” ЖЧК га 1-Май айыл аймагында жайгашкан Үнкүрташ жана Каратөбө участкаларында кенди иштетүүгө жана инфраструктуралык курулмаларды куруу иштерине жерди ижарага берүүгөмакулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жер казынасын пайдалануу” боюнча законунун жана 3121 АЕ жана 3122 АЕ лицензияларынын негизинде 1-Май айыл аймагында жайгашкан Үнкүрташ жана Каратөбө участкаларында кен казууга жана инфраструктуралык курулмаларды куруу иштерине жалпы 224,3 га жер аянтын берүүгөмакулдук берүү боюнча 1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Абдырайымовдун маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасын пайдалануу” боюнча законунун жана Үнкүрташ(3121 АЕ) жана Каратъбъ (3122 АЕ) сандуу лицензияларынын негизинде 1-Май айыл аймагында жайгашкан Үнкүрташ жана Каратөбө участкаларында кенди иштетүүгөжана инфраструктуралык курулмаларды куруу иштерине тиркелген генералдык планга ылайык жалпы 224,3 га жер аянтын иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикалык мыйзамдарынын талаптарына ылайык экологиялык коопсуздугун, жер кыртышын жана башкалар сакталсын.
3. Кен казуу иштерин көзөмөлдөө жагы 1-Май айыл Өкмөтүнөтапшырылсын.
4. Токтомду бекитип берүүжагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |