Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
2019-жылдын 7-октябры № 2
1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылындагы №2283 шайлоо участкасын экиге бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктунун негизинде айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айры-Там айылындагы № 2283 шайлоо участкасында шайлоочулардын саны 2500 жарандан ашып кеткендигине байланыштуу шайлоо участкасы эки шайлоо участкасына бөлүнүп, кайрадан шайлоочулардын саны 2500 дън ашпаган санда түзүүгөмакулдук берилсин.
2. Жаңы түзүлүүчүшайлоо участкасынын чек араларын тактоо, шайлоочулардын санын аныктап жана УШКнын Жаңы курамын түзүүуюштуруу иштери 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнжооптуу катчысына тапшырылсын.
3. Аткарылган иштерди көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүнбашчысы М.Шербаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл Өкмөтүнүнжооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |