1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
2019-жылдын 7-октябры № 3
МСКнын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын 1-Май айыл өкмөтү менен салык мамилелер чөйрөсүндө айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү тууралуу түзгөн келишими жөнүндө
Ала-Бука райондук МСКнын 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 14-29-1431-10252 көрсөтмөсүн жетекчиликке алып, Айылдык Кеңештин депутаттарынын айтылган сунуш-пикирлерин эске алуу менен, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- МСКнын Ала-Бука району боюнча башкармалыгы жана 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүортосундагы кээ бир мамлекеттик укуктарды салык мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим 2019-жылдын 25-сентябрынан баштап күчүнө кирүүсү бекитилсин.
- Келишим бекитилген күндөн тартыптартып күчүнө кирсин.
- Келишимге ылайык иш алып баруу жагы 1-Май айыл Өкмөтүнүнсалык жана киреше бөлүмүнүн башчысы М.Кулуевге милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл Өкмөтүнүнжооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |