Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
2019-жылдын 7-октябры № 4
1-Май айыл аймагынын Кара-Үнкүрайылына курулушу пландалып жаткан мектептин имаратынын долбоорун арыкчылыктуу долбоор катары бекитүүжөнүндө
1-Май айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “1-Май айыл аймагынын Кара-Үнкүрайылына курулушу пландалып жаткан 150 орундуу мектептин имаратынын” долбоорун Райондук өнүктүрүүфонду менен биргеликте турмушка ашыруунун кошумча чаралары жөнүндөайыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүнугуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары А.Балтабаев менен З.Омурбековдун сунуштарын эске алуу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “1-Май айыл аймагынын Кара-Үнкүрайылына курулушу пландалып жаткан 150 орундуу мектептин имаратынын” долбоорун Райондук өнүктүрүүфонду менен биргеликте турмушка ашыруунун артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.
2. Ушул токтомго ылайык долбоордук сунушту даярдоо жана сунуштоо айыл Өкмөтүнүнбашчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |