Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы
2019-жылдын 2-декабры № 3
1-Май айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын бекитүүжөнүндө
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн2020-жылдагы жергиликтүүбюджетин жана атайын каражатын бекитүүжөнүндө 1-Май айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алуу жана депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн2020-жылдагы бюджети 22542,6 (жыйырма эки миллион беш жүз кырк эки миң алты жүз) сом, анын ичинен жергиликтүүбюджети 8516,4 (сегиз миллион беш жүзон алты миң төрт жүз) сом, тендөөчү гранты 12256,2(он эки миллион эки жүз элүүалты миң эки жүз) сом деп бекитилсин.
2. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн2020-жылдагы атайын каражаты 1770,0 (бир миллион жети жүз жетимиш миң) сом деп бекитилсин.
3. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн2020-жылга жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |