Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы
2019-жылдын 2-декабры № 4
1-Май айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин ижарага түзберүүжолу аркылуу берүүжөнүндө
1-Май айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) суулу жерлерин жер кыртышынын начардыгына, топурактын багбандуулугунун төмөндүгүнө таштуулугуна, шордугуна, суунун тартыштыгына жана башка ар түрдүүшарттарга жараша аукциондук берүүдөн түз берүүгө өтүү максатында 1-Май айыл Өкмөтүнүнжер адиси А.Акматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүүфондунун (ФПС) төмөндөгү контурдагы жерлери түзберүүжолу аркылуу жарандарга ижарага берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |