Редакцияот 23.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

2020-жылдын 23-марты № 1

1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн2019-жылдагы жергиликтүүбюджеттин калдыгы жана 2020-жылга бюджетти бекитүүжөнүндө

1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясынын күн тартибине киргизилген 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө, 1-Май айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алуу жана бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевтин

 жергиликтүүбюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн

 аткарылышы жөнүндө берген отчету кабыл алынсын.

2. 1-Май айыл Өкмөтүнүнсоциалдык –экономикалык өнүгүү программасынын

 аткарылышы боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин отчету

 кабыл алынсын.

3.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдагы чыгаша бөлүгү сессияда бекитилген тизменин негизинде чыгымдалышын касыз кылуу, өзгөртүүлөр болгон учурда ар бир квартал сайын депутаттардын кароосуна сунуш кылуу 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.

4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын 1-Май айылдык

 Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага милдеттендирилсин.

 

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы:

Н.Абдырайымов.