1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2020-жылдын 23-марты № 2
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга чыгаша жана киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн сметасын бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгү538245 (беш жүз отуз сегиз мин эки жүз кырк беш) сом деп бекитилсин.
- 2020-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
- Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын.
- Кирешенин салыгын көбөйтүү жайытка чыгуучу малдын 1 (бир) башына тъмънк\дъй акы белгиленсин:
а) уй, жылкы жана эшекке 100 сомдон
б) кой-эчкилерге 20 сомдон белгиленсин.
- Чекене акы бир баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс-жакындыгын эске алып 300 сомдон 350 сомго, кой-эчкилерге 55 сомдон 65 сомго чейин белгиленсин.
- Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын.
- Ак-Башат айылында үлүш жерлер жайытка жакын болгондуктан, айылга жайыт к\зътч\лърд\ уюштуруу жагы айыл башчы Г.Юсупалиевге дайындалсын.
- Жайыт пайдалануучу башка айыл аймакка мал багып чыкса күзгү жазгы жайыттар үчүнмал багылган күндөн тартыпбаштап кара малга башына 5 сомдон, майда жандыкка башына 2 сомдон жайыт акы алынсын.
- 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбалансында турган 1-Май жайыт комитетинин башкаруусундагы атайын техникалардын 2020-жылга жайыт комитетинин төрагасы сунушталган болжолдуу бюджетинин сметасы 1693000 сомго бекитилип, таза киреше 768000 сом жайыт комитетинин бюджетине кириштелсин жана айыл аймагында соко, прессподборщик шаймандарын тарткан менчик техникалар къп болгондугу эске алынсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |