Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-2
Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын баалоо жөнүндө
Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын отчетун жана жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата такталган план боюнча 6070,7 миң сом болуп бекитилген бюджеттин кирешеси 6015,6 миң болуп аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата чыгаша бөлүгү 6555,9 миң сом аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп баалансын.
4.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 2-жарым жылдыгына калган бөлүгүн сметага ылайык аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |