Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-3
Сметанын негизинде үнөмдөлгөн акча каражаттарды жылдыруу жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы “Үнөмдөлгөн акча каражаттарды жылдыруу жөнүндөгү” корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 12,0 (он эки миң) миң сому Р-70911 бөлүмүнүн 2231 статьсына “Назик” балдар бакчасынын ремонтуна;
- 30,0 (отуз миң) миң сому Р-70111 бөлүмүнүн 2215 статьясына жерлерди инвентаризациялоого;
- 168,6 (бир жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) миң сому таажы вирусунун алдын алуу жумуштарына жумшоого;
- 41,0 (кырк бир миң ) миң сому Боспиек айылындагы Кара-Үңкүр булагына суу кампа курууга;
- 41,6 (кырк бир миң алты жүз) миң сому Гүлдүр-Суу булагынын башын тосмо менен тосуу жана каптаж түтүктөрүн орнотууга;
- 87,5 (сексен жети миң беш жүз) миң сому Боспиек айылындагы чайкананын ремонтуна;
- 37,4 (отуз жети миң төрт жүз) миң сому Жерге-Тал айыл аймагынын аталышын көрсөтүп туруучу көрнөк-жарнактарды жана таштандыларды таштоого тыюу салынган эскертүү тактайчаларын жасатууга;
- 161,1 (бир жүз алтымыш бир миң бир жүз) миң сому кичилогистикалык борбордун айланасын короолоого;
Төрага | К. Шакыев |