Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-6
ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркоорпорейшн Ассосациациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан которулган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркоорпорейшн Ассосациациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан которулган акча каражатын чыгымдоо жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркоорпорейшн Ассосациациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн жардамга берилген жалпысы 35,0 (отуз беш миң) сом 00 тыйын акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 14411100 (учурдагы жардам) статьясына кириштелсин.
2.Кириштелген 35,0 (отуз беш миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн Р-70111 башкаруу аппаратынын атайын каражаттар бөлүмүнүн 22154900 (ар кандай чыгымдар) статьясынан долбоордун талабына ылайык максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |