Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-8
“Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кенешинин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 21-июлдагы “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрүнүн чечилишине зор салым кошуп жаткан инсандарды “Жерге-Тал айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык
экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү иш-аракеттерге зор салым кошуп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Эргешов Алмазбек Манасбековичти “Жерге-Тал айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлансын.
2. “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык
экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү иш-аракеттерге зор салым кошкондугу үчүн Абишов Мирзаким “Жерге-Тал айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлансын.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |