Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-9
Долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы Боспиек айылына “Сүттү кайра иштетүү цехин куруу” долбоорунун өздүк салымы үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Боспиек айылына “Сүттү кайра иштетүү цехин куруу” долбоорунун өздүк салымы үчүн 337,5 миң ( үч жүз отуз жети миң беш жүз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2.Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу жумшоо жагы ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |