Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-13
Жылкыларга чип коюунун кызмат акысын бекитип берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын жеке ветеринарларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы райондук башкармалыгынын тапшырмасы боюнча жылкыларды идентификациялоо боюнча кызмат акыны бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жерге-Тал айыл аймагындагы жылкыларды идентификациялоого жеке ветеринарлар тартылсын.
2.Жылкыларга чип коюунун кызмат акысы бир баш жылкыга 80 сомдон болуп бекитилсин.
3.Идентификацияланган жылкыларды системалык базага киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Жылкыларды идентификациялоону Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жагы жеке ветеринарларга милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Исмайловго тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |