Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-14
Конкурстук жобону бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн экономист-статисти М.Давлеталиеванын Швейцария Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган, Хельветасс жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен биргеликте өткөрүлүүчү кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү конкурстун ЖОБОсун бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү конкурстун ЖОБОсу бекитилсин.
2. Бекитилген ЖОБОнун негизинде айылдардын арасында сынак өткөрүү жагы атайын түзүлгөн конкурстук комиссиянын курамына жүктөлсүн.
3. Аталган сынакты өткөрүүгө жумшалуучу 35,0 (отуз беш миң) акча каражатын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн Р-70111 башкаруу аппаратынын атайын каражаттар бөлүмүнүн 22154900 (ар кандай чыгымдар) статьясынан ЖОБОнун талабына ылайык максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Исмайловго тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |