Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 3
Коронавирус илдетин алдын алуу боюнча айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен чыгымдалган чыгымдар жѳнүндѳ
Коронавирус илдетин алдын алуу боюнча айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен чыгымдалган чыгымдар боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Сейитованын маалыматы эске алынсын.
2. Жугуштуу оорулардын алдын алууга каралган акча каражатын Коронавирус илдетин алдын алуу боюнча аткарылуучу иш чараларды уюштурууга которулуп берилсин.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБүнүн башчысы Ч.Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |