Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 3
Жазгак айылындагы жана Таштак участкасындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алып, аукцион аркылуу сатуу жѳнүндѳ
Айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 1Айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын
маалыматы эске алынсын.
2. Жазгак айылындагы саан короонун ичинен элди тейлѳѳ борборун куруу
үчүн 1000 м.кв, соода дүкѳнүн куруу үчүн 894,0 м.кв, соода дүкѳнүн куруу үчүн 100,0 м.кв. жер аянттары муниципалдык менчикке алынып, аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
3. Таштак участкасындагы ОАО КНГ ишканасынын күн чыгыш тарабына
тейлѳѳ борборун куруу үчүн 4799,0 м.кв. жер аянты муниципалдык менчикке алынып, аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча
туруктуу комиссиясына жана жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |