Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 4
№ 23-Ж Жунусалиев орто мектебинин кошумча имаратынын жана Таштак участкасындагы балдар бакчасынын курулушунда кошумча пайда болгон курулуш иштерине акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
№ 23-Ж Жунусалиев орто мектебинин кошумча имаратынын жана Таштак участкасындагы балдар бакчасынын курулушунда кошумча пайда болгон курулуш иштерине акча каражатын ажыратып угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске
алынсын.
2. № 23-Ж Жунусалиев орто мектебинин кошумча имаратынын курулушунда
кошумча пайда болгон курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 302182 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин тартыштыгына байланыштуу
№ 23-Ж Жунусалиев орто мектебинин кошумча имаратынын курулушунда
кошумча пайда болгон курулуш иштерине керектелүүчү 591335 сом акча каражаты Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондунан ажыратып берүү жагы суралсын эгерде
591335 сом акча каражаты ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланбай калса, жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
4. Таштак участкасындагы 75 орундуу балдар бакчасынын курулушунда кошумча
пайда болгон курулуш иштерине жергиликтүү бюджетинин эсебинен 773969 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
5. Айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин тартыштыгына байланыштуу
№ 23-Ж Жунусалиев орто мектебине жаңы курулган кошумча имаратынын түштүк тарабындагы жарга (чуңкур) жѳлѳгүч цемент дубал (подпорная стена) куруу үчүн керектелүүчү 329224 сом акча каражаты Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондунан ажыратып берүү жагы суралсын.
6. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Ж Сейитовага жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |