Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 5
2021-2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, айыл ѳкмѳтүнүн каржы экономика бѳлүмүнүн башчысы Ч.Тѳлѳнованын маалыматы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII- чакырылышынын 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-2022-2023-жылдарга Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү
бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу суммасы
2021-жылга 15155800 сомго, 2022-жылга 15326700 сомго жана 2023-жылга 15431700 сомго бекитилсин тиркелет.
3. 2021-2022-2023-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин
долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Ж.Т.Сейитовага жана каржы экономика бѳлүмүнүн башчысы Ч.Тѳлѳновага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңешинин бюджет каржы
экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |