Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 8
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде каттоодо турган эски складдын ордуна сейил бак куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган эски склад
жараксыз абалда болуп бузулгандыгына байланыштуу 0,7150 га жер аянтына сейил бак курууга уруксат берилсин.
3. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы жер боюнча башкы адис
Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.
4. Сейил бактын долбоорун даярдоо жагы инвестициялар боюнча башкы
адис Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.
5. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж Сейитованын жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |