Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 9
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыркым үйү короосу менен сатуу жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 7-декабрындагы Гѳлмѳн жайлоосундагы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыркым үйү пунктун короосу менен Амадалиев Маматжанга ижарага берүү жѳнүндѳгү № 94-токтомунун негизинде кыркым үйү пункту короосу менен сатуу жѳнүндѳгү М Амадалиевдин арызын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Амадалиев Маматжандын жазган арызы канааттандырылсын.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган Гѳлмѳн жайлоосундагы кыркым үйү пунктун короосу менен Амадалиев Маматжан кѳп жылдардан бери ижара эсебинде пайдаланып келгендигин жана кооптуу абалын эске алып, кыркым үйү пункту короосу менен Амадалиев Маматжанга сатууга уруксат берилсин.
3. Кыркым үйү пунктун короосу менен кѳз карандысыз баалоочу тарабынан баалансын.
4.Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы агрардык маселелер боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж Сейитовага, Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |