Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 10
Момбеков айыл аймагындагы мамычалар ээлеп турган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун филиалы Жалал-Абад чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 2020-жылдын 16-июнундагы № 18-15/409-сандуу катынын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн орун басары Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына караштуу 1961-жылдан бери колдонулуп келе жаткан жогорку чыңалуудагы электр линиясы ВЛ 110 кВ
Юг-Избаскент ѳткѳн мамычалар ээлеп турган жер тилкелерин темир бетон 30 даана 480 м.кв., темир анкер 3 даана 96 м.кв., бардыгы болуп 576 м.кв. жер тилкелери мыйзамдаштырылып, бекитилип берилсин.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн орун басары Б Раманкуловго жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |